|
Кредитти камсыздоо
|
|
КРЕДИТТИ КАМСЫЗДОО – 1) кредитчиге тийиш-түү негизги карыздар менен анын пайыздарын жоюу үчүн колдонулуучу кредиттин кайтарымдуулугунун кепилдик тутуму; 2) карызкор тарабынан ссудага алынган каражаттын өз маалында кайтарылышына жана анын тийиштүү пайызынын төлөнүшүнө кредитор үчүн кызмат кыла турган товардык-материалдык баалуулуктар менен өндүрүш чыгымдары.
|